Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 4-декабры № 779-IV
"Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагында суу ресурстарын
жана суу чарба курулуштарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү
белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
карата Кыргыз Республикасынын Президентинин
каршы пикирлери тууралуу
"Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагында суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 13-июнунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагында суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагында суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын пайдалангандыгы учун акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун макулдашылган жана өз ара алгылыктуу вариантын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип түзүлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|