Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 4-декабры № 781-IV
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын
ортосунда 2008-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол
коюлган "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС (Бишкек-Торугарт
жолу)" долбоорун ишке ашыруу боюнча Гранттык
макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 28-ноябрындагы № 656 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2008-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС (Бишкек-Торугарт жолу)" долбоорун ишке ашыруу боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Тагаев
|