КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 4-декабры № 783-IV
"2008-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү
ассоциациясынын ортосундагы "Экономикалык башкаруу
жаатындагы дараметти күчөтүү" гранттык долбоорун (Эл аралык
өнүктүрүү ассоциациясынын № H388-KG гранты) каржылоо
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 26-ноябрындагы № 649 токтом) "2008-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Экономикалык башкаруу жаатындагы дараметти күчөтүү" гранттык долбоорун (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын № H388-KG гранты) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага |
А.Тагаев
|