Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 5-декабры № 793-IV
"Фельдъегердик байланыш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын
Президентинин каршы пикирлери жөнүндө
"Фельдъегердик байланыш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 26-июнунда кабыл алынган "Фельдъегердик байланыш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.
2. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин эске алуу менен "Фельдъегердик байланыш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун макулдашылган жана өз ара алгылыктуу вариантын иштеп чыгуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А.Тагаев
|