Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 5-декабры № 796-IV
2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын
жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтому тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө киргизилген 2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун карап чыгып, Жогорку Кеңеш Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторунун эсебинен жер үлүшүн алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин кошумча текшерүүнүн зарылдыгын белгилейт.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агардык маселелер жана экология боюнча комитети (Ж.А.Жээнбеков) жана Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети (А.М.Салымбеков) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторунун эсебинен жер үлүшүн алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин (2008-жылдын 21-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна тиркеме) депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен кошумча тактап чыксын жана 2009-жылдын 1-февралына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А.Тагаев
|