Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 11-декабры № 798-IV
2008-жылдын 11-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 11-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин 2008-жылдын 9 айынын ичиндеги иши жөнүндө маалымат тууралу;
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө;
А.Т.Үсөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу тууралу;
Депутат Н.И.Байлону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын кызматынан чакыртып алуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымын шайлоо жөнүндө.
Төрага | А.Тагаев
|