КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 11-декабры № 800-IV
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 27-июнундагы № 342 токтом) "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Тагаев
|