Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 11-декабры № 805-IV
А.Т.Үсөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун
судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
А.Т.Үсөновду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун 12-пунктчасына, 84-беренесинин 1, 2-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Абдыкапар Токтосунович Үсөнов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
Төрага | А.Тагаев
|