Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 12-декабры № 823-IV
Суу чарба объекттерин куруунун программасын ишке ашырууну,
ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде
бөлүнүп берилген каржы каражаттарынын өздөштүрүлүшүн
иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу
депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Суу чарба объекттерин куруунун программасын ишке ашырууну, ошондой эле 2006-жылдан тартып 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнүп берилген каржы каражаттарынын өздөштүрүлүшүн иликтөө жана текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - депутаттык комиссия) төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында түзүлсүн:
Р.А.Абдыраимованын - Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин мүчөсүнүн;
Ж.С.Жакыповдун - Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитеттин мүчөсүнүн;
М.К.Жураевдин - Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитеттин мүчөсүнүн;
А.А.Кенжебаеванын - Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитеттин мүчөсүнүн;
А.С.Кулбаевдин - Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча
комитеттин мүчөсүнүн.
2. Депутаттык комиссия жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын 1-мартына чейин маалымдасын.
3. Зарыл болгондо депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, Эсептөө палатасынын, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Ж.А.Жээнбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|