Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 12-декабры № 824-IV
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 28-октябрындагы № 4/185-08 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктөгү камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетинин корутундусуна ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 50 пайызын субсидиялоо үчүн (жагымсыз жаратылыш кубулуштарынын натыйжасында пайда болуучу учурларды камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнүн ордун толтуруу үчүн) 77,8 млн. сом суммасындагы каражат кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев
|