Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-декабры № 825-IV
2008-жылдын 18-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 18-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын 2007-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралу;
2007-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын отчету тууралу;
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 26-сентябрында кол коюлган "Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" (Грант № Н 380-KG) экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралу;
"Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрүнүн негизги карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык, бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу.
Төрага | А.Тагаев
|