Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-декабры № 829-IV
2007-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
башкармалыгынын төрагасы М.О.Алапаевдин отчету тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2007-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасы М.О.Алапаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- улуттук валютага жана жалпысынан каржы тутумуна калктын ишенимин жогорулатуу максатында депозиттерди коргоо тутумун киргизүүнү тездетсин жана депозиттик банк салымдары боюнча камсыздандыруу кепилдиктеринин өлчөмүн жогорулатууга тиешелүү сунуштарды киргизсин;
- банк кызматтары рыногунда атаандаштыкты жогорулатуу, каржылоонун ислам принциптерин кошуп алганда жаңы банк продукцияларын киргизүү боюнча ишти улантсын;
- Акчасыз эсептешүүлөрдү киргизүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында иш-чараларды жүргүзүүнү тездетсин;
- инкассация тутумунун ишин тартипке келтирүү максатында нак акча каражаттары менен баалуулуктарды ташууга жана инкассациялоого уруксат берүү боюнча башкаруу органын (лицензиар) аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- 2007-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасы М.О.Алапаевдин отчетун талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Текшерүү актысында белгиленген кемчиликтерди четтетсин;
- калк арасында инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүү, коммерциялык банктардын жана айыл жериндеги чакан каржылоо боюнча уюмдардын ишинин маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтсүн;
- 2000-жылдын 13-январындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен ДЕБРАнын ортосунда түзүлгөн Д-01-1-6/29 Кошумча макулдашуунун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында карыздары боюнча жоюлуу процессинде турган 5 коммерциялык банктын карыздарынын ордун толтуруудан 55 пайыз өлчөмүндөгү сый акыга тиешелүү шарттарын кайра карап чыксын;
- милдеттүү резервдик талаптарды сактагандык үчүн банктарга компенсациялардын өлчөмдөрүн кайра кароонун эсебинен чыгымдарды төмөндөтүүнүн мүмкүнчүлүгүн карасын;
- акчасыз эсептешүүлөрдүн көлөмүн кеңейтүү боюнча ишти активдештирсин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уставдык капиталын көбөйтүү маселесине демилге көтөрсүн;
- инкассация тутумун андан ары өнүктүрүү максатында кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү менен "Инкассация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эң кыска мөөнөттө даярдасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|