Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-декабры № 834-IV
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 26-сентябрында кол коюлган
"Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" (№ Н380-KG гранты)
экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен
Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо
тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 9-декабрындагы № 678 токтом) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 26-сентябрында кол коюлган "Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" (№ Н380-KG гранты) экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик "Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" (№ Н380-KG гранты) экинчи долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө кеңири маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетине дайыма берип турсун.
Төрага | А.Тагаев
|