Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 18-декабры № 835-IV
"Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын
мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин
каршы пикири тууралу
"Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2006-жылдын 5-июнунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун макулдашылган жана өз ара алгылыктуу вариантын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитети тарабынан сунуш кылынган жумушчу тобунун курамы бекитилсин (тиркелет).
Төрага |
А.Тагаев
|