Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19-декабры № 836-IV
2008-жылдын 19-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 19-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын ортосундагы Кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"А.Орозбековдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Депутаттар Х.З.Коркмазовду жана К.Б.Кадыровду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Электр энергиясынын негизги берүүчүлөрдүн негизги карыздары, эсептелген проценттери, туум-айыптары, салыктык, бажылык төлөмдөрү жана кредиттери боюнча финансылык, айыптык санкциялары боюнча карыздарын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Респбуликасынын Мыйзамынын долбоору тууралу.
Төрага | А.Тагаев
|