Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19-декабры № 838-IV
А.Орозбековдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына
арналган иш-чаралар жөнүндө
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн башатында турган, 1927-1937-жылдарда Кыргыз АССРинин БАКынын Төрагасы жана иш жүзүндө биринчи мамлекет башчысы болгон чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун сиңирген эмгегин эске алып, ошондой эле 2009-жылда белгилене турган анын туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- А.Орозбековдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;
- иш-чараларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону кароо.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А.Тагаев
|