Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19-декабры № 840-IV
"Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык
бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
экинчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдарын каржылоону 2009-жылга республикалык бюджеттин издеп табылган кошумча каражаттарын эске алуу менен № 1 тиркемеге ылайык карасын;
"2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоодо Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды № 2 тиркемеге ылайык аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
дүйнөлүк каржы кризисинин терс таасирлерин жумшартуу, калктын кирешелери менен аманаттарын керектөө товарларына, ошондой эле кызматтарга баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен индекстештирүү боюнча биргелешкен аракеттердин чараларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип көрсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин долбоорун;
- акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ачыкка чыгарууну караган мыйзам долбоорун;
- өлкөдөгү социалдык-экономикалык, каржылык кырдаалды жана республиканын энергетика тармагынын стратегиялык объекттеринин акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуудан түшкөн кирешелерди эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 2009-жылдын 1-апрелине чейин;
- сунуштарды:
- сапаттык дараметин жакшыртуу максатында билим берүү жана илим тутумун реформалоо боюнча;
- кийин башкарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү менен республикалык бюджеттен берилүүчү дотациянын деңгээлин төмөндөтүү максатында "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" мамлекеттик ишканасынын тутумун кайра түзүү боюнча;
төмөнкүлөрдү камсыз кылып, Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чараларды даярдасын:
- 1933-жылы туулган эмгек пенсионерлерине "оорук эмгекчиси" статусун берүү менен бардык оорук эмгекчилерин Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына теңөөнү;
- согуштун жана эмгектин ардагерлеринин аймактык кеңештеринин каржылык абалын чыңдоону;
төмөнкүлөрдүн механизмдерин иштеп чыксын:
- бюджеттик кызматкерлердин бардык категорияларынын эмгек акыларын оптималдаштыруунун;
- тоо-кен тармагында суу ресурстарын жана суу чарба курулмаларын пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны белгилөөнүн;
2009-жылдын ичинде аткаруу бийлик органдарына кызматтык автомобилдерди сатып алууга, штаттык санды көбөйтүүгө жана кызматтык кабинеттер менен имараттарды оңдоого тыюу салсын;
Министрликтердин жана ведомстволордун аймактык түзүмдөрү болгондо алардын бирин-бири кайталашын болтурбоо менен өлкөнүн аткаруу бийлигинин контролдоочу органдарынын аймактык (областтык) түзүмдөрүн түзүү практикасын болтурбасын;
бардык деңгээлдеги бюджеттик мекемелердин мамлекеттик кызматчыларынын санын кеминде 10 пайызга кыскартуу жөнүндө маселени карасын;
табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга турак жай куруу үчүн каражаттарды берилген сертификаттарга ылайык толук көлөмдө берүүнү алдын ала карасын;
алардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышынын отчетторунда анык чагылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын өнүгүү бюджетинин (Мамлекеттик инвестициялардын программасы) тышкы булактарын каржылоону эсепке алуунун тутумун өркүндөтсүн;
төмөнкүлөрдү аткарууну камсыз кылсын:
- 2007-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 333 "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш тутумун кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө", 2008-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 325 "Кыргыз Республикасынын Каржы полиция кызматынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" жана 2008-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 390 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын;
- мамлекеттик кызматчыларды окутууга жана алардын квалификациясын жогорулатууга мамлекеттик органдардын ишин каржылоо үчүн каралуучу каражаттардан 1 пайыздан кем эмес өлчөмдө чегерүү боюнча "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;
- 2008-жылдын 14-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн ишке эркин жалдануучуларына жана жарандык кызматкерлерине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун;
төмөнкүлөрдү алдын ала карап, жергиликтүү бюджеттерди чыңдоо боюнча чараларды көрсүн:
- 2010-жылдан тартып берилүүчү трансферттердин көлөмүн андан ары төмөндөтүү максатында жергиликтүү бюджеттерге бекитип берүү үчүн зарыл болгон салыктардын тизмегин кеңейтүүнү;
- педагогикалык иш стажына 2004-2005-жылдар үчүн мугалимдерге жана иш стажына медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча карыздарды жоюуну;
- керектөө ченемдерине ылайык белгиленген лимиттерге жараша коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн каражаттарды бөлүп берүүнү;
- райондук кеңештердин аппараттарын күтүүгө чыгымдарды каржылоону камсыз кылууну;
- республикалык бюджеттен бир долбоорго бөлүнүп берилүүчү кызыктыруучу (үлүштүк) гранттардын эң көп суммасын 3,5 млн.сомго чейин көбөйтүүнү;
капиталдык салымдардын эсебинен төмөнкүлөрдү каржылоону камсыз кылсын:
- төмөнкүлөрдүн кызматтык турак үйлөрүн курууну аяктоону:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин;
- Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин;
- "имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы үчүн 138,9 млн.сом суммасын;
- областтык жана райондук соттордун администрациялык имараттарын курууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана каржы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|