Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 28-августу № 645
Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл
районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн "Жээнбек"
дыйкан чарбасынын айыл чарбалык багыттагы
жерлерин трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 12-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн "Жээнбек" дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык 4,92 га сугат айдоону туристтерди тейлөөчү объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Жер бөлүү маселеси боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган сунушуна макулдук берилсин.
2. Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун башкы планынын схемасын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылынын башкы планы менен байланыштырып:
- курорттук комплекстерди пландоонун архитектуралык-шаар куруу чечилиштеринин жогорулатылган талаптарын;
- керектүү инфраструктуралык жана инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен иштеп чыгууну камсыздашсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплексин жана жаратылышты пайдаланууну өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
Н.Танаев
|
|
|