Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2004-жылдын 23-декабры № 951
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы
№ 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын
6-майындагы "Бишкек шаарындагы № 5 мектеп-гимназиясын
Улуттук компьютердик гимназияга кайра түзүү жөнүндө"
Указын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 "Кыргыз Республикасынын уюмдары менен мекемелерине "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн жана билим берүү системасындагы реформаны андан ары тереңдетүү, аны жаңы шарттарга ылайыкташтыруу, заманбап маалыматтык компьютердик технологияларды өздөштүрүү, окутуунун эл аралык стандарттарына жетишүү жана Улуттук компьютердик гимназиянын кызматкерлеринин ишин шыктандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 6-майындагы "Бишкек шаарындагы № 5 мектеп-гимназиясын Улуттук компьютердик гимназияга кайра түзүү жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 7-пункту "кошумчанын" деген сөздөрдүн алдында "маяналарына" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9. Улуттук компьютердик гамназиянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жана ставкаларына "Улуттук" деген статус үчүн 20 процент өлчөмдө кошумча белгиленсин.";
- токтомдун жана Улуттук компьютердик гимназия жөнүндө жобонун бүткүл тексти боюнча ", илимдин жана маданияттын" деген сөздөр алып салынсын.
2. Улуттук компьютердик гимназиянын кызматкерлерине акы төлөөнүн жаңы шарттары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги үчүн каралган каражаттардын чегинде киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев
|