Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 3-февралы № 60
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын коргоо министри көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Н.Танаев
|
Долбоор
1-статья.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" газетасына тиркеме, № 1, август, 1992-жыл) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Кыргызстан Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамкомитети" деген ар кандай жөндөмөдөгү сөздөр "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын.
2. 12-статьяда:
- жетинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эл аралык келишимдик милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык климаттык шарттары оор жерлерге аскердик кызмат өтөөгө жиберилген, 20 календардык жыл жана андан ашык иштеген офицердик курамдын адамдары, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөтүнөн ашыкча кызматтын аскер кызматчылары жана аскер кызматчы-аялдар үчүн алар ээлеген турак жай аянты (кызматтык турак жай аянтынан жана жабык же обочолонгон аскердик шаарчаларда турган жайдан тышкары) алар чегарадан тышкары жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон бардык мезгилде брондолот.";
- онунчу бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Турак жай-курулуш (турак) кооперативдерине кирген же жеке турак үйдү (квартира) курган (сатып алган) аскер кызматчылары жана башка турак үйү (квартирасы) жок аскер кызматчылары жеңилдетилген шарттарда ипотекалык кредит алууга укуктуу.
Аскер кызматчыларына кызмат өтөгөн жери боюнча турак жайга акы төлөө же жекече турак жай курууга, жеке турак үй (квартира) сатып алууга финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит боюнча карыздарын төлөөдө 15 календардык жыл аралыгында үзгүлтүксүз жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндөргө - 50 процент өлчөмүндө, 20 календардык жыл же андан ашык иштегендерге - 100 процент өлчөмүндө акысыз финансылык жардам көрсөтүлөт.".
3. 13-статьянын жетинчи бөлүгү "үй-бүлөлүк абалы" деген сөздөрдөн кийин "өз каалоосу боюнча" деген сөздөр мечен толукталсын.
4. 14-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Окууда жетишкен офицер курамындагы адамдарга, прапоршиктерге, мичмандарга, мөөнөтүнөн ашыкча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана жарандык окуу жайында алган адистиктерине, кесиптик профилине (аскердик кесибине) ылайык келген учурларда мамлекет аскердик кызматын өтөгөндөргө окуу үчүн акы төлөө боюнча үзгүлтүксүз 5 календардык жылдын аралыгында - 25 процент, 10 жыл же андан ашуун болсо - 50 процент өлчөмүндө компенсациялоону камсыздайт.".
5. 15-статьянын экинчи бөлүгү "өз өтүнүчү боюнча" деген сөздөрдөн кийин "кызматтык дал келбегени боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Аскер кызматчысын кызматы боюнча башка регионго которгондо жергиликтүү бийлик органдары аскер кызматчысынын кайрылуусу боюнча анын үй-бүлө мүчөлөрүнө адистиги боюнча ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.".
2-статья.
Бул Мыйзам 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|