Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 26-октябры № 505
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар
тарабынан товарларды жана автотранспортту алып
өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"
токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Жеке адамдар алып кирүүчү товарларды бажылык тариздөөнү жөнөкөйлөтүү үчүн шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманын 5-пунктунун 5.4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 8903 91, 8903 92, 8903 99 коддору менен квалификациялануучу башка сүзүүчү каражаттарды бажылык тариздөө ушул Нускаманын № 4 тиркемесине ылайык бажылык пошлиналардын жана салыктардын бирдиктүү ставкаларын колдонуу жана ушул Нускаманын 7.9-пунктчасына ылайык бажылык тариздегендик үчүн акы алуу менен жүргүзүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ф.Кулов
|
|
|