Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-декабры № 867-IV
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында
кол коюлган "Канаттуулар тумоосун контролдоо
жана пандемияга каршы даярдык менен чара көрүү"
долбоорун гранттык каржылоого (Грант № TF091994
жана грант № TF091995) тиешелүү Макулдашуу-Катты
ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 21-ноябрындагы № 634 токтом) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган "Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык менен чара көрүү" долбоорун гранттык каржылоого (Грант № TF091994 жана грант № TF091995) тиешелүү Макулдашуу-Катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык менен чара көрүү" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө кеңири маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер кызматташтык боюнча комитетине такай берип турсун.
Төрага | А.Тагаев
|