Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-декабры № 868-IV
Агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө
1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен
совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп
калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик
карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
4-июнундагы № 338-б буйругун жактыруу жөнүндө
Агрардык-жер реформасынын айынан 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен колхоздор менен совхоздордун базасында түзүлгөн фермер, дыйкан чарбаларын жана башка айыл чарба субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык агрардык-жер реформасынын жүрүшүндө 1996-жылдын 1-январына чейин жок болуп кеткен совхоздордун, колхоздордун, ошондой эле каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечими жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июнундагы № 338-б буйругу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-июнундагы № 152-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын 2007-жылдын 31-октябрындагы протоколунун № 1, № 2 жана № 3 тиркемелерине ылайык айыл чарба субъекттери менен каза болуп калган айыл чарба заемчуларынын бюджеттик кредиттик карыздарын жоюу жөнүндө маселени чечсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетине (Ж.А.Жээнбеков), ошондой эле Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|