Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-декабры № 869-IV
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Кытай Эл
Республикасы Мамлекеттик кредит берүүсү жөнүндө 1994-жылдын
23-апрелиндеги макулдашуунун биринчи стадиясында каралган
50 (элүү) миллион кытай юаны суммасындагы өкмөттүк кредитти
грантка кайра түзүү тууралу Кытай Эл Республикасынын
Өкмөтүнүн атынан 2007-жылдын 15-августундагы катты жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2007-жылдын
15-августундагы № 10-2-1/7161 жооп катты алмашуу жолу менен
түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну
ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 27-октябрындагы № 597 токтом) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасы Мамлекеттик кредит берүүсү жөнүндө 1994-жылдын 23-апрелиндеги макулдашуунун биринчи стадиясында каралган 50 (элүү) миллион кытай юаны суммасындагы өкмөттүк кредитти грантка кайра түзүү тууралу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2007-жылдын 15-августундагы катты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2007-жылдын 15-августундагы № 10-2-1/7161 жооп катты алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Тагаев
|