Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-декабры № 870-IV
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канаданын Өкмөтүнүн
ортосундагы Биологиялык коргоо жана биологиялык коопсуздук
жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо
тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 5-ноябрындагы № 610 токтом) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канаданын Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коргоо жана биологиялык коопсуздук жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги биологиялык коопсуздуктун III классындагы биологиялык лабораториясын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетине такай маалымдап турсун.
Төрага | А.Тагаев
|