Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 6-ноябры № 723-IV
2008-жылдын 6-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 6-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
2008-жылдын ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө;
"Саламаттык сактоо тутумунда гранттардын, кредиттик каражаттардын, гуманитардык жардамдын натыйжалуу пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтары тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоо жөнүндө;
"Н.И.Исановдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган иш чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу.
Төрага | А.Тагаев
|