Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 6-ноябры № 725-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек,
социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин
жумушчу комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
гранттарды, кредиттик каражаттарды, гуманитардык жардамды
саламаттык сактоо системасында натыйжалуу пайдалануу
жөнүндө маалыматтары тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу комиссиясынын төрайымы Д.А.Ниязалиеванын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарды, кредиттик каражаттарды, гуманитардык жардамды саламаттык сактоо системасында натыйжалуу пайдалануу жөнүндө маалыматтарын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу комиссиясынын төрайымы Д.А.Ниязалиеванын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарды, кредиттик каражаттарды, гуманитардык жардамды саламаттык сактоо системасында натыйжалуу пайдалануу жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- саламаттык сактоо системасында гранттарды, кредиттик каражаттарды, гуманитардык жардамды кайтарымдуу пайдаланууну камсыз кылуу чараларын атайын жыйынында карасын;
- республиканын саламаттык сактоо системасына түшүп жаткан гуманитардык жардамдын талаптагыдай кабыл алынышын, бөлүштүрүлүшүн жана пайдаланылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жоопкерчилигин күчөтсүн;
- медик кадрлардын айрыкча айыл жерлеринде, алыскы бийик тоолуу райондордо бекип иштеп калышын, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесин толук көлөмдө аткарууну, саламаттык сактоо секторуна багытталган ИДПнин көлөмүн жылына үзгүлтүксүз көбөйтүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин түшүп жаткан жүктөрдүн мүнөзүн аныктоодогу, кабыл алуудагы, бөлүштүрүүдөгү жана гуманитардык жардамдын пайдаланышын талаптагыдай контролдоодогу ролун жана жоопкерчилигин жогорулатсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду камсыздандыруу салымдары боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алдындагы өткөн жылдар үчүн карызды төгүү маселелерин жөнгө салсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу комиссиясынын материалдарын иликтеп, укуктук жагынан баа берсин жана жыйынтыктары тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын 1-мартына карата маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитети "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жүзөгө ашырылышынын жүрүшүнө, "Манас таалими" Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоо боюнча улуттук программасына ылайык саламаттык сактоо системасын реформалоого парламенттик контролду камсыз кылсын жана ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө 2009-жылдын 1-мартына карата маалымат берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетине (Н.И.Байло) жүктөлсүн.
7. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Төрага | А.Тагаев
|