Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 6-ноябры № 734-IV
Н.И.Исановдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына
арналган иш-чаралар жөнүндө
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, эгемендүү Кыргызстандын туңгуч Премьер-министри Насирдин Исанович Исановдун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө сиңирген эмгегин эске алуу менен, ошондой эле 2013-жылы белгиленүүчү туулган күнүнүн 70 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2009-жылдын 1-сентябрына чейин көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Н.И.Исановдун туулган күнүнүн 70 жылдыгын өткөрүүнүн иш-чараларынын планын иштеп чыксын жана өткөрүү күнүн белгилесин;
- иш-чараларды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча комитетине (З.К.Курманов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|