Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 28-декабры № 629
Айыл калкын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо
боюнча Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын
катышуусунда каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруунун
жүрүшү тууралуу
Кыргыз Республикасында башкы социалдык проблемалардын бири республиканын айыл калкын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу болуп саналат. 2000-жылы бул проблема өзгөчө социалдык курч мүнөзгө жана чыңалууга жеткен.
Эгерде 1990-жылдын 1-январына карата айыл калкын ичүүчү суу менен камсыздоо 72ге жакын процентти түзсө, 2000-жылы ичүүчү таза сууга жеткиликтүү жерлердеги айыл тургундарынын саны 20 процентке чейин кыскарган, бул айыл жашоочуларында жугуштуу оорулардын санынын кескин өсүшүнө алып келген.
Бул маселенин актуалдуулугун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 36 млн. АКШ доллары суммасында "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү" долбоору боюнча айылды ичүүчү суу менен жабдуу системасын калыбына келтирүүгө жана жаңыларын курууга каражат бөлүү жөнүндө 2000-жылы Кредиттик макулдашууга кол коюлган. Мындан тышкары 2002-жылы "Айылды суу менен жабдуу жана санитария" долбоорун ишке ашыруу үчүн 15 млн. АКШ доллары суммасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда кредиттик макулдашууга кол коюлган. Тең каржылоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул максаттарга 70 млн. жакын АКШ долларын жумшоону пландаштырган.
Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө бүгүнкү күндө республиканын бардык региондорунун 219 айылында 330 миңден ашуун адам ичүүчү таза суудан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышты.
194 айылда суу түтүктөрүндө оңдоо-курулуш иштери аткарылууда. Айылдарды ичүүчү суу менен жабдуунун пайдаланууга киргизилген жана курулуп жаткан системалары боюнча өздөштүрүлгөн акча каражаттарынын суммасы 1 млрд. ашуун сомду түзөт.
Курулуп бүткөн жана калыбына келтирилген суу түтүктөрү андан ары пайдалануу үчүн ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерине өткөрүлүп берилет.
Бирок, айылдарды ичүүчү суу менен жабдуу боюнча көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу кемчиликтер орун алган, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун адистеринен турган жумушчу топтор республиканын региондоруна барышынын жыйынтыгында аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги айылдарды ичүүчү суу менен жабдуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө, кредиттик каражаттарды сарптоо маселесине тийиштүү көңүл бөлбөйт; тендерлерди өткөрүүдө кемчиликтер аныкталган, объекттерди эксплуатацияга киргизүүнүн контракттык мөөнөттөрү үзгүлтүккө учураган фактылар орун алган, аткарылган ремонт-курулуш иштеринин сапаты көпчүлүк учурларда колдонуудагы талаптар менен нормативдерге дал келе бербейт.
Алсак, "Астек-Холдинг" жабык типтеги акционердик коомунун подрядчысы Жалалабат облусунун Сузак районундагы "Сафаровка" чакан долбоору боюнча суу түтүгүн куруу мөөнөтүн үзгүлтүккө учураткан, Ушул эле уюм тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы "Саз" чакан долбоору боюнча колдонууга киргизилген суу түтүгү курулуш иштеринин сапатынын төмөндүгүнөн көп учурларда иштебей калат. "Градиент" ЖЧК жана АПСФ "Ысыккөл" (Ысыккөл облусунда), "Шаажет" (Талас облусунда), "Пластполимер" (Ош облусунда) подрядчылар тарабынан иштер мөөнөттөрдү бузуу менен аткарылат.
Практика көрсөткөндөй суу менен жабдуунун бир системасы айылдардын көптөгөн санын камтышы курулуш мөөнөттөрүнүн бузулушуна, андан ары пайдалануудагы кыйынчылыктарга алып келүүдө, бул эсептөөлөрдүн негизсиздиги тууралуу күбөлөп турат. Алсак, Ош облусунун Ноокат районундагы "Кулатов" чакан долбоору 28 айылды, Жалалабат облусунун Сузак районундагы "Сафаровка" чакан долбоору 11 айылды, Ош облусунун Карасуу районундагы "Сарыколот" чакан долбоору 12 айылды, Чүй облусунун Сокулук районундагы "Саз" чакан долбоору 9 айылды ж.б.у.с. камтыйт.
Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдардагы коомдук бирикмелеринин колдонууга киргизилген суу түтүктөрүн эксплуатациялоо жагынан иштери өтө канааттандырарлыксыз, системаларынын катардан чыгышынын негизги себептери суу менен жабдуунун курулган системаларын туура эмес эксплуатациялоо жана күтүү болуп саналат. Объекттерди эксплуатацияга тапшыруудан кийин гидравликалык эсептөөлөрдү эске албастан суу менен жабдуунун курулган системасына өз алдынча кошуу, айыл жашоочуларынын суу чыгуучу колонкаларды сындырышы дагы суунун текке кетишине, суу топтоочу резервуарлардын тез иштен чыгышына алып келет.
Мындай фактылар Жалалабат облусунун Сузак районундагы колдонууга тапшырылган "Достук" чакан долбоорунда, Ош облусунун Өзгөн районундагы "Калта", Жалалабат облусунун Базаркоргон районундагы "Абдураимов", Чүй облусунун Панфилов районундагы "Эркинсай" чакан долбоорлорунда орун алган.
Ичүүчү таза сууну керектегендиги үчүн жашоочулардан акча каражаты иш жүзүндө чогултулбайт, ал эми айрым айылдарга тиешелүү тарифтер бекитилген эмес.
Облустардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары айылдарды ичүүчү суу менен жабдуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жагындагы маселелерди чечүүдөн өзүлөрү четтеп калышкан. Ош, Жалалабат, Баткен жана Чүй облустарында ушул убакка чейин СООППВ долбооруна катышуунун гарантиясы катары баштапкы взнос түрүндө жалпы сметалык наркынын 5% өлчөмүндө калктан акча каражаты толук көлөмүндө чогултулган эмес.
Көпчүлүк айылдыктар үчүн ичүүчү суу берүү боюнча насостук станциялар керектөөчү электр энергиянын наркынын жогору экендиги проблема болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Айылдарды суу менен жабдуу департаменти жагынан суу түтүктөрүн курууга жана калыбына келтирүүгө багытталган финансы каражаттарын пландаштыруу жана сарптоо маселелерине талдоо жана мониторингдин жоктугунан долбоорго кириши мүмкүн болгон айылдар дээрлик эки эсеге кыскарган. Ошол эле учурда бардык алгач белгиленген айылдарда 5 проценттик каражаттарды чогултуу улантылууда, бул жер-жерлердеги социалдык оорчулуктун күчөшүнө алып келген.
Өлкөнүн айылдардагы калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесинин социалдык маанисин эске алып жана Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун сөзсүз ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиидеги парламенттик угууларда айтылган кемчиликтерди четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдарды ичүүчү суу менен жабдуу боюнча Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу жагынан Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин иштери жетишсиз деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги:
2005-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча бул маселени министрликтин коллегиясында карасын;
- айылдарды ичүүчү суу менен жабдуу долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү кредиттик каражаттарды сарптоо жөнүндө маселени квартал сайын карасын;
- айылдарды суу менен жабдуунун жаңы системаларын курууну жана колдонуудагы системаларды калыбына келтирүүнү биринчи кезекте калкы жалпы сметалык нарктын 5 процент өлчөмүндөгү акча каражаттарын алдын ала чогултууну камсыз кылган айылдарда гана ишке ашырсын;
- тендер өткөрүүдө тийиштүү жер казуучу техника, машиналар жана механизмдер, ошондой эле квалификациялуу кадрлар менен камсыздалбаган подряддык уюмдарды курулуш иштерине киргизүүгө жол бербесин;
- контракттык милдеттенмелерди сөзсүз аткаруу боюнча подряддык уюмдар менен иштерди күчөтсүн;
- облустардын, райондордун мамлекеттик администрациялары жана айыл өкмөттөрү менен бирдикте 2006-жылдын биринчи жарымынын ичинде Азия өнүктүрүү банкынын учурдагы долбооруна кирбеген айылдардын калкына 5 проценттик акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча маселени иликтеп чыксын жана аларды андан ары пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу объекттерин долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууга кабыл алууда курулуш жана санитардык нормалар менен эрежелердин сакталышына мамлекеттик көзөмөлдүн деңгээлин жогорулатышсын.
4. Облустардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын, айыл өкмөттөрүнүн башчылары ичүүчү сууну керектөөчүлөрүнүн айылдардагы коомдук бирикмелеринин (СООППВ) иштерине туруктуу контролду жүргүзүшсүн жана бул максаттарда:
- айылдарды ичүүчү суу менен жабдуу системаларын эксплуатациялоо маселелери боюнча СООППВнын төрагаларынын отчетторун коллегиялардын заседаниелеринде дайыма угушсун жана айыл калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоону нормалдаштыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн;
- 2006-жылдын биринчи кварталынын ичинде айылдарды ичүүчү суу менен жабдуу системалары боюнча иштер аяктаган же өткөрүлгөн айылдарда, ошондой эле курулушу жүрүп жаткан айылдарда жалпы сметалык наркынын 5 процент өлчөмүндө калктан акча каражаттарын чогултууну камсыз кылышсын;
- оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүдө жалпы сметалык наркынын 15 процент өлчөмүндөгү иштердин көлөмүн аткарууга калктын катышуусун камсыздашсын;
- СООППВнын ассоциацияларын түзүү жөнүндө маселени карашсын.
5. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине калкка ичүүчү суу берүү үчүн артезиандык бургулоо насостору жана насостук станциялар колдонуучу электр энергиясын керектөөгө калктын тиричиликке керектеген электр энергиясы үчүн акы төлөшү боюнча тарифтин деңгээлинде жеңилдетилген тарифти белгилөө мүмкүндүгүн кароо сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте:
- республиканын калган айылдарында жаңы суу менен жабдуу системаларын куруу жана мурдагыларды калыбына келтирүү боюнча иштердин андан аркы аткарылышына экинчи траншты бөлүү жөнүндө Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү улантсын;
- "Айылдарды суу менен жабдуу секторун өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын" иштеп чыгуу боюнча Дүйнөлүк банк жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте үлүштүк каржылоого Кыргыз Республикасынын катышуу мүмкүндүгүн карасын;
- облустук деңгээлде республикалык тендердик комиссиядан функцияларды өткөрүп берүү бөлүгүндө тендерлерди өткөрүү жол-жоболорун өзгөртүү жөнүндө Азия өнүктүрүү банкынын жана Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен райондук деңгээлде "Айылдарды суу менен жабдуу" кызматтарын аларга материалдык-техникалык ресурстарды бөлүү жана айылды суу менен жабдуу боюнча айыл өкмөтүнүн штатына адистин кызматын киргизүү аркылуу жогоркудай кызматтарды түзүү жөнүндө маселени карасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте республикага хлорду камтуучу каражаттарды борбордоштурулган берүүлөр жана аны СООППВ боюнча бөлүштүрүү жөнүндө маселени карасын жана бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги Жалалабат облусунун Токтогул районунда хлорду камтуучу каражаттарды чыгаруучу завод куруу жөнүндө маселени изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасына 2006-жылдын 1-майына чейин республиканын айылдарынын калкынан жыйналган 5 процент финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүү сунушталсын.
9. Жалпыга маалымдоо каражаттары айылды ичүүчү суу менен жабдуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруучу Дүйнөлүк банктын жана Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүн үзгүлтүксүз чагылдырсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов
|
|
|