Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 13-октябры № 476
2006-жылга карата статистикалык
иштердин программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2006-жылга карата статистикалык иштердин программасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2006-жылга карата статистикалык иштердин программасын тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кагаз жана электрондук сактагычтарда жеткирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Статистикалык иштердин программасын Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджетинде каралган көлөмдө каржылоону камсыздасын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чарбакер субъекттердин жетекчилери 2006-жылга карата статистикалык иштердин программасынын алкагында статистикалык жана администрациялык маалыматтардын тууралыгын жана мамлекеттик статистика органдарына өз убагында берилишин камсыздашсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов
|
|
|