Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-ноябры № 760-IV
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 12-августунда кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү
банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун
реабилитациялоо (II фаза) долбоорун каржылоого катышуу
жөнүндө Насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 6-октябрындагы № 566 токтом) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реабилитациялоо (II фаза) долбоорун каржылоого катышуу жөнүндө Насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Тагаев
|