КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-ноябры № 765-IV
"Москва шаарында 2008-жылдын 13-февралында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик арналыштагы продукция
өндүрүүгө катышуучу ишканалардын жана уюмдардын
адистешүүсүн сактап калуу жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 16-августундагы № 459 токтом) "Москва шаарында 2008-жылдын 13-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик арналыштагы продукция өндүрүүгө катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактап калуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Тагаев
|