Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 14-ноябры № 766-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
70 жылдыгы жөнүндө
Өкүлчүлүктүү бийликтин жогорку органынын 70 жылдык юбилейине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча комитети жана Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка комитеттери, Аппараты жана Иш башкармалыгы менен бирге:
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл" юбилейлик медалын белгилөө тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча программаны ("тегерек столдорду", конференцияларды уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысынын юбилейлик номерин чыгаруу, парламенттин 70 жылдык тарыхына арналган китептерди, журналдарды чыгаруу ж.б.) иштеп чыксын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитети жана Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен бирге:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тарых музейин түзүү боюнча уюштуруучу иштерди жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- Улуттук телекөрсөтүүдө жана радиодо чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасында парламентаризмдин тарыхына арналган теле- жана радиоберүүлөрдүн циклин даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы депутаттарды (анын ичинде мурдагы чакырылыштардагы депутаттарды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Иш башкармалыгынын жана Автотранспорт ишканасынын кызматкерлерин алардын мыйзам чыгаруу ишинин өнүгүшүндөгү сиңирген эмгегин жана кошкон салымын эске алуу менен мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө маселени караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Аппаратынын, Иш башкармалыгынын жана Автотранспорт ишканасынын кызматкерлери бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө материалдык жактан сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы материалдык сый акыларды төлөөлөрдү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "2008-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда жогоруда аталган максаттар үчүн каражаттарды караштырсын.
6. Ушул Мыйзамдын аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары К.С.Исабековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|