Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-январы № 883-IV
"Жарандарына жеңилдетилген визалык режим жарыяланган
мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Жарандарына жеңилдетилген визалык режим жарыяланган мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна төмөнкү өзгөртүүлөрдү жана толуктоону эске алуу менен макулдук берилсин.
1. Мамлекеттик тилдеги токтомдун долбоорунун аталышында, 1-пунктунда жана Тизменин долбоорунун аталышында "жеңилдетилген" жана "жарыяланган" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жөнөкөйлөтүлгөн" жана "жайылтылган чет" деген сөздөр менен алмашылсын.
2. Токтомдун долбоору төмөнкү мазмундагы жаңы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим жайылтылган чет мамлекеттердин тизмесинде көрсөтүлгөн мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволору менен ал өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өз ара жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим киргизүү боюнча өз ара принциптерде иш жүргүзсүн.";
3-6-пункттар 4-7-пункттар деп эсептелинсин.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|