Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV токтому менен бекитилген
|
Запастагы жерлерди түзүүнүн жана
пайдалануунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыгуу менен запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт.
2. Жердин башка категориясына таандык кылынбаган жана жеке менчикке же пайдаланууга берилбеген жерлердин баары запастагы жерлер болуп эсептелет. Бул жерлер мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
3. Запастагы жерлердин категориясына таандык кылынган жер участоктору ушул Жободо белгиленген тартипте гана пайдаланууга берилиши мүмкүн.
4. Запастагы жерлерди пайдаланууга берүү аларды запастагы жерлердин категориясынан мамлекеттик менчикти сактап калуу менен негизги максаттуу багытына ылайык башка категорияга которгондон кийин жүзөгө ашырылат.
5. Жердин башка категориясына белгиленген тартипте которулган запастагы жерлер жеке, муниципалдык менчикке жана менчиктин башка түрлөрүнө берилиши мүмкүн эмес.
6. Айыл чарба өндүрүшү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү, жер казынасын пайдалануу жана башка мамлекеттик максаттар запастагы жерлерди пайдалануунун негизги максаттуу багыты болуп эсептелет.
7. Запастагы жерлер айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууга жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан берилет.
8. Айыл чарба өндүрүшү үчүн берүү максатынан тышкары запастагы жерлер пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча берилет.
9. Запастагы жерлерден жер участогун берүү жөнүндө өтүнүч кызыкдар адам тарабынан тиешелүү райондун мамлекеттик администрациясына берилет.
10. Өтүнүч төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- жер участогун пайдалануунун максаты;
- жер участогу жайгашкан жер жана анын аянты;
- суралып жаткан аянтка экономикалык негиздеме;
- пайдалануунун болжолдуу мөөнөтү жана шарттары;
- жер участогун берүү үчүн негиздеме;
- жер участогун алууга чектөөлөрдүн жоктугу.
11. Өтүнүчкө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн арыз ээсинин инсанын күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөсү, юридикалык жактар үчүн уюштуруу документтери жана юридикалык жактын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк тиркелет.
12. Максаттуу багытына жараша жергиликтүү мамлекеттик администрация курамына жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо, архитектура жана курулуш, айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик органдарынын, кен пайдалануу боюнча инспекциянын, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн, айыл жана суу чарба менен зарыл болгондо ал жер участогу боюнча негиздүү корутунду бере ала турган башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүн киргизүү менен Комиссия түзөт.
Өтүнүчтү кароодо Комиссия өтүнүч берген адамды чакырууга укуктуу.
13. Өтүнүчтү кароонун натыйжалары боюнча Комиссия жер участогун пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө же өтүнүчтү четке кагуу тууралу корутунду чыгарат. Мында пландаштыруу-картографиялык материалды, айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын корутундуларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү органынын жерге жайгаштыруу ишин түзүү үчүн зарыл болгон башка документтерин тиркөө менен жер участогун текшерүү (тандоо) актысы (үч нускада) түзүлөт.
14. Комиссиянын корутундусунун негизинде райондун мамлекеттик администрациясы жер участокту "Запастагы жерлер" категориясынан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясына которуу менен айыл чарба өндүрүшү үчүн берүү жөнүндө биротоло чечим кабыл алат.
Жер участогун ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн башка максаттарга берүүдө райондун мамлекеттик администрациясынын чечими областтын мамлекеттик администрациясынын кароосуна жиберилет, ал материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизет.
Жерге жайгаштыруу материалдарын даярдоо жана кароо, чечимдерди кабыл алуу жерлерди бир категориядан башкасына которууда же жердин тиешелүү категориясы үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
15. Запастагы жерлер пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.