КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 16-январы № 896-IV
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 11-декабрындагы № 684 токтом) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|