Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-майы № 4100-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
8-пунктча төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Гусаров Игорь Константинович - "Ар-Намыс" парламенттик фракциясынан";
9-пунктчанын үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
10-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Бакиров Мирлан Исакбекович - "Республика"парламенттик фракциясынан";
12-подпунктча төмөндөгүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Султанов Акылбек Шакирович - "КСДП" парламенттик фракциясынан";
13-пунктчанын сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков
|