Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-майы № 4107-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.В.Никитенкону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагалыгына шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат Никитенко Наталья Владимировна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагалыгына шайлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктта:
экинчи, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, тогузунчу, онунчу, он биринчи, он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |