Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-майы № 4108-V
"Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Э.Торобаев тарабынан демилгеленген "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|