Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-январы № 912-IV
Балдар багылган мекемелердин (балдар үйлөрү жана ымыркайлар
үйлөрү) балдардын укуктарынын сакталышынын маселеси боюнча
ишин депутаттык иликтөө жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдар багылган мекемелердин (балдар үйлөрү жана ымыркайлар үйлөрү) балдардын укуктарынын сакталышынын маселеси боюнча ишин депутаттык иликтөө жүргүзүү үчүн убактылуу комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
З.Бекенова;
А.К.Иманалиева;
И.Ю.Карамушкина;
А.Т.Мамасалиев;
Г.Т. Султаналиева.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетине (Б.У.Мамасейитова) жүктөлсүн.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Тагаев
|