ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 23-январындагы № 914-IV «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы А.С.Кененсариевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» токтому

Редакция23.01.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 23-январы № 914-IV

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун

судьясы А.С.Кененсариевдин ыйгарым

укуктарын токтотуу жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II бөлүмүнүн 7-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 11-январындагы № 1378-ХII токтому менен 15 жыл мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы болуп шайланган Асылбек Сагынбекович Кененсариевдин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2009-жылдын 11-январынан тартып токтотулду деп эсептелсин.

 

Төрага

А.Тагаев