КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-январы № 915-IV
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
судьясы Ж.Ж.Тогонбаевдин ыйгарым
укуктарын токтотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II бөлүмүнүн 7-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 11-январындагы № 1377-ХII токтому менен 15 жыл мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы болуп шайланган Жумакадыр Жолочиевич Тогойбаевдин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2009-жылдын 11-январынан тартып токтотулду деп эсептелсин.
Төрага | А.Тагаев
|