Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-январы № 916-IV
2008-жылдын 24-сентябрында Жалал-Абад областынын Аксы
районундагы Торук деген жерде жана 2008-жылдын 23-майында
Сузак районундагы Жаңы-Чек айылында Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик чек арасында болуп өткөн жаңжалдар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-жылдын 24-сентябрында Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Торук деген жерде Жалал-Абад чек ара отрядынын "Кош-Дөбө" чек ара заставасынын участогунда жана 2008-жылдын 23-майында Сузак районундагы Жаңы-Чек айылында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында болуп өткөн жаңжалдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы З.М.Молдошевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясына Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны тактоо процессин тездетүү сунуш кылынсын.
Төрага | А.Тагаев
|