Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 5-марты № 1679-III
Кыргыз Республикасынын НIРС демилгесине кошулбоосу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргызстандын НIРС программасына кирүүсү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин комитеттеринде ар тараптуу иликтөө, аны Бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйналышында талкуулоо, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен парламенттик угуунун натыйжалары Кыргыз Республикасынын НIРС демилгесине кошуулусу калктын көпчүлүгү тарабынан колдоого алынбагандыгын көрсөттү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн 2007-жылдын 20-февралындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын НIPС демилгесине кошулбоосу жөнүндө чечим кабыл алып, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилген.
Жогоруда баяндалгандарга, ошондой эле өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүшүнө жооп берген тышкы карызды башкаруунун стратегиясын иштеп чыгууга негизденип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасы НIРС демилгесине кошулбасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- алынган тышкы карыздардын натыйжалуулугун, максаттуу пайдаланылышын жана экономиканын өнүгүшүнө иш жүзүндө тийгизген таасирин дыкан талдоо;
- тышкы карыздын түзүлүшүнүн негизсиз булактарын четтетүү менен мамлекеттик ички жана тышкы карыздарды башкаруунун так стратегиясын иштеп чыгуу тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.К.Келдибеков) жүктөлсүн.
|
| |
Төрага | М. Султанов
| |