Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 6-марты № 1689-III
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
8-март Эл аралык аялдар күнүн жана Нооруз элдик майрамын майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, алардын жардамчыларына, консультанттарына, референттерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Иш башкармасынын жана Гаражынын кызматкерлерине бир айлык эмгек акы (маяна, үстөктөр жана сыйакылар) өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы (А.А.Абдимомунов) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджетинин 1100 статьясында каралган каражаттардын эсебинен материалдык жардамды эсептөөнү, чегерүүнү жана төлөп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
|
| |
Төрага | М. Султанов
| |