Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 19-марты № 1692-III
"Кристалл" МАКынын акцияларын мыйзамсыз сатуу жөнүндө
"Кристалл" МАКынын акцияларынын жүз пайызын мыйзамсыз сатууга байланыштуу маселелерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кристалл" МАКынын акцияларынын жүз пайызын мыйзамсыз сатууну иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниси бар "Кристалл" МАКынын акцияларын мыйзамсыз сатууга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жазык жоопкерчилигине тартсын;
- иш боюнча болгон жагдайлардын баарын этибарга албагандыгы, кароонун бир жактуулугу жана өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон аракетсиздиги үчүн казакстандык компаниялардын Кыргыз Республикасынын Өнөржай жана соода министрлигине карата доосу боюнча чечимдерди кабыл алган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын төмөн турган сотторунун курамдарын жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-мартындагы РП N 49 тескемесин өз убагында аткарбагандык үчүн министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрсүн;
- карыздын суммасын Кыргыз Республикасынын Өнөржай жана соода министрлигинен "Шервуд жана МакКензи" адвокаттык конторасынын пайдасына өндүрүп алуу жөнүндө ишти кайра кароо тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн "Кристалл" МАКынын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча 2007-жылдын 5-мартында өткөрүлгөн сооданын натыйжаларын жокко чыгарууга карата токтоосуз чараларды көрсүн;
- "РЕSАС" программасына киргизилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" жана "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын ишке ашыруу тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы N 168 токтомун аткаруу боюнча шашылыш чараларды көрсүн;
- негизги каражаттардын баланстык наркын колдонуудагы рынок бааларына ылайык келтирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин уруксаты менен сатып өткөрүлүүгө тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын ишканаларынын негизги фонддорун кайра баалоону жүргүзсүн Кайра баалоо жүргүзүлгөндөн кийин андан ары мамлекеттен ажыратууга жана менчиктештирүүгө уруксат берилсин.
4. "АРЕХ" ӨКФсына карата жазык иши боюнча өндүрүштү тездетүү, ошондой эле жазык ишинин 20 томун жоготуу боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине сунуш кылынсын.
|
| |
Төрага | М. Султанов
| |