Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 22-марты № 1698-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине төмөнкү маселелер кошумча киргизилсин:
"Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Ташкент шаарында 2004-жылдын 17-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Минск шаарында 2006 -жылдын 23-июнунда кол коюлган "Борбордук Азия Кызматташтыгы" уюмун Евразия экономикалык коомдоштугуна интеграциялоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) 2002-жылдын 7-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында терроризмге каршы биргелешкен иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн маалыматтар банкы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүңдө;
"Нью-Йорк шаарында 2005-жылдын 14-сентябрында кол коюлган Ядролук
терроризм актыларына каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенцияны ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Шанхай шаарында 2006-жылдын 15-июнунда кол коюлган Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Дүйшөнбү" шаарында 2006-жылдын 25-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондун түзүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Минск шаарында 2006-жылдын 23-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө 2003-жылдын 28-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2006-жылдын 22-майында кол коюлган 2004-2007-жылдарга Кыргыз Республикасындагы тобокел тобундагы балдар менен социалдык жактан иштөөгө окутуп-үйрөтүүнү колдоо/өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швеция Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Атайын макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
|
| |
Төрага | М. Султанов
| |