Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 22-марты № 1712-III
"Минск шаарында 2006-жылдын 23-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө 2003-жылдын 28-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилге көтөрүлгөн "Минск шаарында 2006-жылдын 23-июнунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө 2003-жылдын 28-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | М.Султанов |