КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 22-марты № 1716-III
"Бишкек шаарында 2006-жылдын 22-майында кол коюлган 2004-2007-жылдарга Кыргыз Республикасындагы тобокел тобундагы балдар менен социалдык жактан иштөөгө окутуп-үйрөтүүнү колдоо/өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швеция Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Атайын макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 7-февралындагы № 38 токтом) "Бишкек шаарында 2006-жылдын 22-майында кол коюлган 2004-2007-жылдарга Кыргыз Республикасындагы тобокел тобундагы балдар менен социалдык жактан иштөөгө окутуп-үйрөтүүнү колдоо/өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швеция Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Атайын макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | М.Султанов |