КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 23-марты № 1722-III
"Кыргыз Республикасынын, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 10-ноябрындагы № 777 токтом) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | М.Султанов |